Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-мартындагы №01-5/20
«Швецария Ɵкмөтү жана Швецариянын Ɵнүктүрүү жана
казматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан шаар
аймагында «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү
жакшыртуу» долбооруна каралган акча каражаты жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Швецария Ɵкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында дараметти жогорулатуучу грант катары бериле турган 125 000(бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаттын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашасын кошуп бекитип берүүгө жазган кайрылуу катынын негизинде түзүлгөн шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Швецария Ɵкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында грант катары бериле турган 125 000(бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатты 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
3. 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелген Швецария Ɵкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында грант катары берилген 125 000(бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты, шаардын дараметин жогорулатууга чыгымдалсын.
4. 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелген 125 000(бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн атайын эсептик счетуна 2215 беренесине кошумча бекитип берүүнү Ноокен райондук финансы Башкармалыгынан суралсын.
5. Каралган акча каражатын өз багытында туура пайдаланууну шаардын мэрине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |