Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2025-жылдын 6-октябры № 10-1/268
Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
1) ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылгандан тартып жана ушул буйруктун расмий жарыяланган күнүнөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Директор |
| Э.Ж. Зарнаев |