Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-сентябры № 201
1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |