Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-майындагы № 3
Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн Ж.Бѳкѳнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинин жамаатынын атынан « «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ардагер мугалим Паязова Бурулай Нурматовнага ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагына билим берүүгѳ кошкон зор салымы үчүн Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Сафаровка айылынын тургуну, ардагер мугалим Паязова Бурулай Нурматовнага ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |