Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-майындагы № 4
Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жамаатынын атынан « «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын Тагаева Тарындык Алымбаевнага ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагына билим берүүгѳ, социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Октябрь айылынын тургуну, «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Тагаева Тарындык Алымбаевнага ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |