Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-марты № 12/2-28

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Сын-Ташайылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун,Сын-Таш айыл аймагынын «Сын-Ташайылдык кеңеши» жана Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Юрьевка айыл аймагынын «Юрьевкаайылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Ташайылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун. Сын-Таш айыл аймагынын,  “Сын-Таш айылдык кеңеши” мекемеси;

- расмий тилдеУчреждение “Айылный кенешСын-Таш” Айылного аймак Сын-Таш,  Ысык-Атинского района,Чуйской области;

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй  облусу, Ысык-Атарайону,Тельманайылы, Школьная көчөсү  № 32

2. «Сын-Ташайылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3.  «Сын-Таш айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Тельман айылы, Школьная көчөсү № 32, болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

 

Джолдошбеков Э.Б.