БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 23-майындагы № 6
Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн Беш-Бала айылынын тургундарынын атынан « Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын Ташбаев Маматжан Сурановичке ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагына социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Беш-Бала айылынын тургуну Ташбаев Маматжан Сурановичке ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |