Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 23-майындагы № 10

Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө

Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын Балдардын билимин ѳркүндѳтүү борборунун эмгек жамаатынын атынан « «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын Укеев Султан Садыковичке ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл аймагына билим берүүгѳ, социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Октябрь айылынын тургуну, Октябрь Балдардын билимин ѳркүндѳтүү борборунун Октябрь айылынын Балдардын билимин ѳркүндѳтүү борборунун директору Укеев Султан Садыковичке ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов