Редакцияот 20.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2017-жылдын 20-ноябры № 46 / X-3-VII

 

Вознесеновка айылынын  Ленин көчөсүндөгү  дүкөн салына турган  жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө

 

               1999 -жылдын  2-июнундагы № 45  Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин  12-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык жана Панфилов районунун  шаар куруу жана архтитекттура боюнча башкармалыгын  2017-жылдын 21-июлундагы № 50-17 курулуш боюнча корутундусуна таянып, Вознесеновка айылынын  Ленина көчөсүндөгү дүкөн салына турган жер участогунун  максаттуу багытын өзгөртүү жана ордуна эки  5 батирлүү турак-жай салуу  жөнүндө маселени талкуулап  чыгып Вознесеновка айылдык Кеңеши;

                               

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Вознесеновка айылынын Ленин көчөсүндөгү дүкөн салына турган жер участогунун  максаттуу багыты өзгөртүлүп, эки 5-батирлүү турак-жай салууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын контролдоо жагын Вознесеновка айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Эралиевке  жүктөлсүн.

 

Вознесеновка айылдык кеңешинин

төрагасы          

 

 М.Каркеев