Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №5
«Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди сатууга мораторий киргизүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.08.2025-жылдагы чыг.№01-18/4943 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 16.09.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди сатууга 2 жылдык мөөнөткө мораторий киргизилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |