ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы №22- 6 – VII
Вознесеновка айылынын Гагарина көчөсүнүн архитектуражана шаар куруунун башкы планын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча башкы адиси Күчүков Р.Т. “Вознесеновка айылынын Гагарина көчөсүнүн архитектура жана шаар куруунун башкы планын бекитүү жөнүндө” маалыматын эске алып жана калктуу конуштардын башкы планы айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү экенин карап чыгып. Вознесеновка айыл өкмөтүнүн заказы боюнча Панфилов райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан , Вознесеновка айылынын Гагарина көчөсүнүн башкы планы иштелип чыккан, планды бекитүү максатында айылдык кеңештин депутаттары карап жана талкуулап чыгып ;
Вознесеновка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Вознесеновка айылынын Гагарина көчөсүнүнө кошумча 1200 кв.м. жер аянтчасы архитектура жана шаар курулушунун башкы планына бекитилсин.
2. Вознесеновка айыл өкмөтү башкы планынын көчүрмөлөрүн түзүп, башкы пландын узак мөөнөткө сактоо чаралары көрүлүсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Казымкуловго жүктөлсүн.
Вознесеновка айылдык кеңешинин төрагасы |
| Ниязбек уулу Темирлан |