Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Дүйшөмбү шаары, 2025-жылдын 8-июлу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталуучулар,
Тараптардын мамлекеттеринде коңшулаштык жана достук принциптерин жетекчиликке алып, геодезияны, картографияны, жерге жайгаштырууну, кадастрды, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып,
геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо, Жерди аралыктан изилдөө чөйрөсүндө, ошондой эле илимдин жана техника менен технологияны колдонуунун чектеш тармактарында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу формаларын өнүктүрүүгө умтулуп,
геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында кызматташуу үчүн, өз өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн мындай кызматташуунун натыйжалары көмөктөшүүчү укуктук негизди түзүүнү каалашып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга көмөктөшөт.
2-берене.
Ушул Макулдашууну натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Тараптар төмөнкү формаларда кызматташтыкты жүзөгө ашырышат:
- биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кеңешмелерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды жана консультацияларды өткөрүү;
- геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан зонддоо жаатындагы мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар, методикалык, илимий-техникалык адабияттар менен алмашуу;
- биргелешкен илимий-изилдөө, эксперименттик жана өндүрүштүк иштерди жүргүзүү;
- геодезия, картография жана аэрокосмостук сүрөткө тартуу боюнча биргелешкен маалыматтык системаларды түзүү;
- Тараптар же алардын мамлекеттик органдары жана субъекттери тарабынан кол коюлган жарандык-укуктук келишимдердин жана контракттардын негизинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык биргелешкен аэрокосмостук сүрөткө тартууну жүргүзүү;
- биргелешкен топографиялык-геодезиялык, картографиялык, жерге жайгаштыруу жана кадастрдык иштерди жүргүзүү;
- карталарды, атластарды жана басма продукциясынын башка түрлөрүн чыгаруу боюнча полиграфиялык кызматтар;
- геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө маселелери боюнча өз ара кызыкчылык туудурган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, ошондой эле биргелешкен баяндамаларды, макалаларды жана монографияларды жарыялоо;
- геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында адистерди даярдоо, кайра даярдоо, стажировкадан өткөрүү;
- эки тараптуу макулдашуулардын негизинде баштапкы геодезиялык, картографиялык материалдарды жана аэрокосмостук сүрөткө тартуу материалдарын аймактык таандыгы боюнча алмашуу, Тараптардын мамлекеттик жашыруун сырын түзгөн материалдарды кошпогондо;
- геодезиялык жана картографиялык аспаптарды, приборлорду жана башка жабдууларды метрологиялык жактан камсыз кылуу үчүн стандарттарды алмашуу, картографиялык-геодезиялык өндүрүштүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында;
- кызматташтыктын өз ара макулдашылган башка формалары.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун координациялоо жана ишке ашыруу үчүн Тараптар өзүнүн компетенттүү органдарын дайындашат:
- Кыргыз тарабынан - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик;
- Тажик тарабынан - Тажикстан Республикасынын Жерди башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитети.
Зарыл болгон учурда Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүшөт.
Эгерде башка ыйгарым укуктуу орган дайындалса, тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кыска мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлашат.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган маалыматтар Тараптардын бири тарабынан башка Тараптын кызыкчылыктарына зыян келтирүү үчүн пайдаланылбайт.
Өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө же биргелешкен ишмердүүлүктүн натыйжасында алынган маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана жабдууларды коргоону камсыз кылышат.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган же түзүлгөн ар кандай купуя маалыматты коргоо үчүн өздөрүнүн купуя маалыматын коргоо үчүн көрүлгөн деңгээлдегидей зарыл чараларды көрүшөт.
Тараптар үчүнчү жактарга купуя мүнөздөгү маалыматты, документтерди жана башка билдирүүлөрдү бербөөгө милдеттенишет.
5-берене.
Кызматташтык программаларын ишке ашыруу үчүн эки Тарап тең өз мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өз ара ишмердүүлүккө көмөктөшүү, анын ичинде ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык тийиштүү жабдууларды, шаймандарды, аспаптарды, даяр продукцияны жана материалдарды жеткирүү жана жылдыруу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт.
6-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо үчүн Тараптар геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлктү каттоо жана Жерди аралыктан изилдөө жаатында кызматташуу боюнча Биргелешкен кыргыз-тажик комиссиясын түзүшөт (мындан ары - Комиссия).
Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Тараптар алты айдын ичинде Комиссиянын тең төрагаларынын дайындалгандыгы жөнүндө бири-бирине кабарлашат. Комиссиянын тең төрагалары анын курамын түзүшөт.
Комиссия ушул Макулдашуунун багыттары боюнча Тараптардын ортосундагы кызматташтык программаларын иштеп чыгат жана бекитет, алардын аткарылышын координациялайт жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алат.
7-берене.
Кызматташуунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун финансылык шарттары ар бир белгиленген учурда Тараптардын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнүн, ошондой эле бул үчүн ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдардын алкагында каралат.
8-берене.
Тараптардын өкүлдөрүн Комиссиянын жыйналыштарына жана ушул Макулдашуунун алкагында иштерди жүргүзүү үчүн кеңешмелерге командировкага жөнөтүүдө, жөнөтүүчү тарап өз өкүлдөрүнүн башка Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүү, тамактануу жана жашоо чыгымдарын көтөрөт. Кабыл алуучу Тарап Комиссиянын жыйналыштарын жана башка жолугушууларды өз мамлекетинин аймагында уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды көтөрөт.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында жарандык-укуктук келишимдердин негизинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүдө каржылоо шарттары, эсептешүү тартиби, милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо үчүн жоопкерчилик, ошондой эле адистерди командировкага жөнөтүү тартиби ушул келишимдер менен аныкталат.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган жыйынтыктар, эгерде Тараптардын ортосунда башка келишүүчүлүк болбосо, үчүнчү мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактарына жарыяланууга, берилүүгө же сатылууга жатпайт.
11-берене.
Тараптар ушул Макулдашуу боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу боюнча өздөрүнөн көз каранды болгон бардык чараларды көрүүгө жана зарыл болгон учурда Макулдашууну ишке ашыруу процессинде келип чыккан пикир келишпестиктерди биргелешип кароого милдеттенишет.
12-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктер Тараптар тарабынан сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасир этпейт.
14-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
15-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт, анын аякташы менен, эгерде тараптардын бири учурдагы беш жылдык мезгилдин аякташына үч ай калгандан кечиктирбестен, дипломатиялык каналдар аркылуу башка Тарапка анын аракетин узартуу ниети жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда ал автоматтык түрдө кийинки беш жылдыкка узартылат.
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун аракетин башка Тарапка бул жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен токтото алат. Макулдашуу башка Тарап тийиштүү билдирүүнү алгандан тартып, үч айдан кийин өз аракетин токтотот.
Ушул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу анын иштеп жаткан мезгилинде башталган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
Дүйшөмбү шаарында 2025-жылдын 8-июлунда үч нускада, кыргыз, тажик жана орус тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Тексттер ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
______________________________________ |
| ______________________________________ |