Загрузка документа…
ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 24-2-VIII
К.Жуматаев атындагы Кыргыз-Орус коомдук фондунун жетекчиси Джуматаев Т.А. кайрылуусун кароо
Джуматаев Таалайбек Асылбековичтин 14-март 2022-жылы Эркин-Сай айылынын түндүк тарабынан “ БСР курууга 45- контурдан аянты 10-гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү “ кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып , Эркин-Сай жана Вознесеновка айылдарынын калккын сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн суткалык сууну жөнгө салуу бассейнин куруу зарылчылыгын эске алып ;
Вознесеновка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. Джуматаев Таалайбек Асылбековичтин Эркин-Сай айылынын түндүк тарабынан “ БСР курууга 45- контурдан аянты 10-гектар жер тилкесин бөлүп берүү кайрылуусу колдоого алынсын.
2.Айыл өкмөтү тарабынан жер тилкесин бөлүп берүү үчүн ар тараптан мыйзам чегинде жардам көрсөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Карымшаков М.Т. жүктөлсүн
Вознесеновка айылдык кеңешинин төрагасы |
| Ниязбек уулу Темирлан |