Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 23-майындагы № 15

Жайыт жерди башка категорияга которуу жөнүндө

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/483 19.05.2023-жылдагы “Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Сары-Булак айылындагы Шоро-Дѳбѳ участкасынын №568 контурундагы кум казган жер чѳп ѳсүмдүктѳрү сейрек кездешүүчү чополуу жайыт жер категориясында турган 5,0 гектар жер аянтын, Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга жана ижара акысын чечип, мыйзамдуу иштетүүгѳ токтом чыгарып берүүңүздү жѳнүндѳ» кайрылуусун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Сары-Булак айылындагы Шоро-Дѳбѳ участкасынын №568 контурундагы кум казган жер чѳп ѳсүмдүктѳрү сейрек кездешүүчү чополуу жайыт жер категориясында турган 5,0 гектар жер аянтын, Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы К.Маматалиевге жүктѳлсүн.

 

4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов