Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 10-мартындагы №01-5/23
«Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Ленин көчөсүнүн жашоочусу Маматкулова Нигорахондун өзүнүн жашаган турак үйүнүн пайдалануу багытын коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө жазган арызынын негизинде түзүлгөн шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Маматкулова Нигорахондун Ленин көчөсүнүн № 13/1 дарегинде жайгашкан үйүнүн 527м2 жер аянтынын пайдалануу багыты коммерциялык багытка өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |