Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 10-мартындагы №01-5/24
«Долбоорун приоритеттүү деп табуу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, Кочкор-Ата Жалпы дарыгердик практика борборунун үч кабаттуу имаратынын экинчи кабатын капиталдык ремонттон өткөрүүгө, 4 115 339сомдук долбоорун приоритеттүү деп табууга жана Ноокен райондук фондуна сунуштап, жалпы сумманын 12% жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүп берүүнү сураган кайрылуу катына негиз шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундуну талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Жалпы дарыгердик практика борборунун үч кабаттуу имаратынын экинчи кабатын капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн 4 115 339сомдук долбоору приоритеттүү деп табылсын жана Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Долбоордун жалпы суммасынын 12%ы 500 000сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |