Загрузка документа…
ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20 июлу № 36- 1 - X
Кыязов К.А.-тин .чакан ГЭС курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө арызын кароо
Кыязов К.А.- тин 19 -июль 2022 – жылы Орто-Кайырма айылындагы, Чоң-Кайыңды капчыгайынан “ Чакан ГЭС курууга жер тилкесин бөлүп берүү” жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чегерүүлөр жүргүзүлөрүн, кошумча жумуш орундары түзүлөрүн эске алып
Вознесеновка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыязов Кемелбек Абдыкадыровичтин Орто-Кайырма айылындагы, Чоң -Кайыңды капчыгайынын 309 жана 312 контурунан 1,34 га жер тилкесин чакан ГЭС курууга бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу колдого алынсын.
2.Айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жер тилкесин мыйзам чегинде берүү үчүн ар-тараптан жардам көрсөтүлсүн.
3. Чакан ГЭС куруу долбоору ишке ашкан учурда айыл тургундарын иш менен камсыздоо жана айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу маселеси сөзсүз түрдө каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу депутаттык комиссиянын
төрагасы Абдылдаев Т.К жана айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э.жүктөлсүн.
Вознесеновка айылдык кеңешинин төрагасы |
| Ниязбек уулу Темирлан |
Төрага Ниязбек уулу Темирлан.