Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-августундагы № 104
Чолпон-Ата айыл өкмөтүндөгү “Барчын” участкасындагы,райондук айыл чарба департаментине өткөн кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүндөгү “Барчын” участкасындагы,райондук айыл чарба департаментине өткөн кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнун салык инспектору Э.Нусуповдун билдирүүсун карап ,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомунун негизинде Айыл чарба министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген жобого ылайык Чолпон-Ата айыл өкмөтү боюнча кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысы 1га жерге 5370 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
5. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |