Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-мартындагы №01-5/26
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз V сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуштаган кайрылуу катына негиз шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» жана «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө, шаардын социалдык-экономикасынын абалын жана шаардын инфраструктурасын жогорулатуудагы эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбек Усеновичке Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» намы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» жана «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |