Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-сентябры № 1

 

Административдик-аймактык  реформаны жүргүзүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Вознесеновка  жана Орто айылдык айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Вознесеновка” жана “Орто” айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.Вознесеновка  жана Орто айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде, көпчүлүк добуш менен  “Орто – Кайыңды айыл аймагы” деген жаны аталыш берилсин.

 3.Жаңы түзүлгөн Орто-Кайыңды айылдык аймагынын  борбору болуп  Вознесеновка айылындагы айыл өкмөттүн имараты бекитилсин.

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Вознесеновка жана Орто айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендде  жайгаштырылсын.

  

 

Вознесеновка айылдык кеңешинин

төрагасы          

 

 Ниязбек уулу Темирлан