Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-мартындагы №01-5/27
«Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык
программасын бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз V сессиясы, шаардык мэриянын сунуштаган 2025-2026-2027-жылдарга шаардын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасына жана иш-планына шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиялары берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиялары берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2025-2026-2027-жылдарга сунуштаган шаардын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасы 1-тиркемеге ылайык жана иш-планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун шаардын мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |