М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 112
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорд өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун М.Абдылдаев айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Токтогул районунун Чолпон-Ата ,Кетмен-Төбө айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак “Токтогул” айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Токтогул айыл аймагынын борбору Чолпон-Ата айылында жайгашсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,депутаттык этика, коомдук тартип шайлоочулардын арыз даттанууларын кароо комиссиясына жүктөлсүн
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
7. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |