Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №01-5/28
«Участкалык шайлоо комиссияларынын резервтерин бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Мыйзамынын жана 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын талаптарына ылайык күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын
резервине жер жерлерде талапкерлерди сунуштоо боюнча жарандардын чогулуштарынын протоколдору бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизилген талапкерлер боюнча толук маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |