Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 22-сентябрындагы № 113

Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай уюштуруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай уюштуруу боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү маселени М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1. Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай уюштуруу боюнча комиссия түзүлсүн.

2. Уюштуруу комиссиясынын курамы төмөндөгүлөрдөн түзүлсүн.

Комиссиянын төрайымы:

Токтоназарова Рыскүл Райымбердиевна- М.Абдылдаев айылдык кеңештин төрайымы

Мүчөлөрү;

Асакеев ЖумашалыИтибаевич- айылдык кеңештин депутаты

Жумашалиева Гүлназ- айылдык кеңештин депутаты

Жанызак уулу Нурсултан- айылдык кеңештин депутаты

Бекташова Нуржамал Амангелдиевна- айылдык кеңештин депутаты

3. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.

 

Төрайым:

Р.Токтоназарова