М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 114
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө № 215 Жарлыгына ылайык, “Элдик Курултайды” даярдоо жана өткөрүү боюнча Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай өткөрүүгө чечим кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө № 215 Жарлыгына ылайык, Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай өткөрүүгө чечим кабыл алуу жөнүндө ,М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы Р.Токтоназарованын маалыматын угуп жана талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө № 215 Жарлыгына ылайык Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
2.Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн өтүүчү орду Данканай орто мектеби белгиленсин.
3. Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн өтүүчү датасы 18-ноябрь күнү ,убактысы саат 10-00 го белгиленсин.
4. Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн делегаттарды көрсөтүү нормасы жалпы Чолпон-Ата айыл аймагы 50 делегаттан ,анын ичинен Кара-Күнгөй айылы -10делегат,Ак-Тектир айылы -15делегат,Чолпон-Ата айылы-10делегат,Мазар-Суу айылы-10делегат,Балыкты,Кушчу-Суу айылы-5 делегат көрсөтүлсүн.
5. Чолпон-Ата айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн чогулуштарды жыйындарды өткөрүү графиги 2023-жылдын 17-октябрынан баштап 23-октябрь күнүнө чейин,Кара-Кунгөй айылына 17-октябрь куну саат 10-00 Жаманкулов мектебинде,Ак-Тектир айылында 17-октябрь күну саат 15-00 С.Нурманбетов мектебинде,Чолпон-Ата айылында,Кушчу-Суу,Балыкты айылдарында Данканай мектебинде 19-октябрь саат 10-00,Мазар-Суу айылында 21-октябрь куну саат 10-00до Жоомарт мектебинде өтөөрү белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,депутаттык этика, коомдук тартип шайлоочулардын арыз даттанууларын кароо комиссиясына жүктөлсүн
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
9. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |