М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 117
Көчөгө ат коюу жөнундө
Кара-Кунгой айылынын жалпы элдик жыйынынын № 8 20-сентябрь 2023-жылдагы Кара-Күнгөй айылынын «Секи» участкасындагы ат коюла элек көчөсунө Смадиярова Айчүрөктүн ысымын берүү жөнүндөгү депутат ТАбдыгуловдун билдирүүсун угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кунгөй айылынын жалпы элдик жыйынынын № 8 20-сентябрь2023-жылдагы Кара-Кунгөй айылынын «Секи» участкасындагы ат коюла элек көчөсүнө Смадиярова Айчурөк ысымын берүү жөнундө токтому колдоого алынсын.
2. Кара-Кунгөй айылынын жалпы элдик жыйынынын № 8 20-сентябрь2023-жылдагы Кара-Күнгөй айылынын «Секи» участкасындагы ат коюла элек көчөсүн Смадиярова Айчүрөктүн ысымы ыйгарылсын.
3. Кара-Күнгөй айылыны”Секи” участкасындагы ат коюла элек көчөсүнө Смадиярова Айчурөктүн ысымы ыйгарылгандан кийин көчөдө жайгашкан турак үйлөргө архитектуралык талапка ылайык жазууларды(табличкаларды ) даярдап илүү,”Кадастр” мамлекеттик ишканасынан көчөнү “Смадиярова Айчурөк” деп каттатуу жагы Смадиярова Айчурөктүн уул кыздарына милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Төрайым: | Р.Токтоназарова |