М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 122
“Кара-Күнгөй, Кушчу-Суу айылдарына мектеп куруу жөнүндө”
Муниципалдык,менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бобушов Темирланбек Токтосуновичтин билдирүүсун угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22 -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. Муниципалдык,менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бобушов Темирланбек Токтосуновичтин билдирүүсү колдоого алынсын.
2. Чолпон-Ата айыл аймагынын Кара-Күнгөй,Кушчу-Суу айылдарына мектеп куруу долбоорун сунуштоого уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Муниципалдык,менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бобушов Темирланбек Токтосуновичке милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |