Сравнение редакций…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-июлу № 23/VIII-28
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл аймагынын “Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын директору Н.Райкеевдин таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, айылдык керектөөчүлөрдү сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу пайдалануучулардын ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жеке жактарга бир адамга бир айга 60 сомдон, 40 сомун жеке адам өзү төлөйт, 20 сомун жергиликтүү бюджеттин эсебинен.
- Суу эсептегичтери болгон учурда 1 куб метр суу 18 сом.
- Суу түтүкчөсүнө кошулууга уруксаат алууга 1500 сом.
- Бюджеттик уюмдарга жана башка уюмдарга 1 куб метр 60 сом.
2.Кочкорбаев муниципалдык ишкананын директору Н.Райкеевге:
- аймактык монополияга каршы органдар менен ичүүчү суунун акысынын тарифтери макулдашылсын;
- керектөөчүлөргө тарифтер жөнүндө маалыматтар жеткирилсин;
- стандарттар менен санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатын туруктуу камсыз кылынсын;
- ичүүчү сууну башка максаттарга (бакчаларды сугаруу, унааны жуу ж.б.) пайдаланууну аныктоо боюнча иштерди уюштуруу;
- ичүүчү сууну максатсыз пайдаланууну аныктоодо административдик чараларды көрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасы |
| Э.И.Токбергенов |
Кочкорбаев айыл аймагынын
Кочкорбаев айылдык кеңешинин
2026-жылдын 13-майындагы № 61/XIX-29
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ