Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/1
2024-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш чарасынын аткарылышы жөнүндө
2024-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чарасынын жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун отчётуна негиз 2024-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын аткарууда бир топ иш-аракеттер жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин даталуу күндөрдү өткөрүүгө айыл эли жана тийиштүү мекеме уюмдар менен 1700,0 миң сомдук иш алып барылды. Ураан-чакырыктарыды , накыл сөздөрдү жаздыруу, илүү жана жаңылоого 200,0 миң сом жумшалды. Мэрияга канцелярдык товарларды алууга 400,0 миң сом жумшалды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ассосациясынын Кербен шаарынын жалпы мүчөлүк акысын каржылоого 50,0 миң сом берилди. Чарба жумуштарын аткарууга керектелүүчү буюмдар жана мэриянын имараттын жууп тазалоого керектелүүчү буюмдар 85,0 миң сомго сатып алынды. Компьютердик (комплект), ноутбук, планше жана принтер 4в1 ошондой эле компьютердин тетиктерин 485,0 миң сомго сатып алынды. Документерди архивке өткөрүү учүн 100,0 миң сом төлөндү. Ардагерлер кеңешине, 20 ардагери 2-3 күнгө саякатка барууга, төрагасы Э.Сатаевке 60,0 миң сом которулуп берилди. Мэрияныны коопсуздугу үчүн 100,0 миң сомго камера орнотулду. Турмуш шаарты оор , аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо үчүн 535,0 миң сом жана көмүр алууга 450,0 миң сом жумшалды. Кербен шаарынын Жетиген айылындагы Суеров көчөсүн тротуар узундугу 1000 метр куруу үчүн 6370,8 миң сом жумшалды. Айталиев көчөсунө тротуар узундугу 760 метр курууга 3600,0 миң сом иштетилди. Беш-Коргон участкасынын ички арыктарын оңдоого 300,0 миң сом жумшалды. Мамай айылындагы мүрзөнү тосмо тосууга 200,0 миң сомдук материалдар асатып алынды жана тосулуп бүтүү. Ак-Дөбө айылындагы Ак-Терек участкасындагы суу кампадан Күлүк-Дөбө айылына таза суу тартып барууга 5000,0 миң сом жумшалды. Мамай айылындагы суугат скважина үчүн 350 метр кабель тартуу үчүн 764,0 миң сом иштетилди. Дөң-Кыштак айылындагы Узаков көчөсүндөгү унаа өтүүчү көпүрө 764,5 миң сом куруулуп бүткөн. Кербен шаарынын Тынчтык көчөсүнүн ажатканасы 580,0 миң сом менен курулуп буткөн. Абдыкерим Алымов атындагы Маданият үйүнүн астына 1409,0 мин сомдук брустчатка жаткырылды. Кербен шаарынын Ниязалы көчөсүнө подпорный дувал курууга 1609,6 миң сом жумшалды. Кербен шаарына трубага алууга 939,6 миң сом иштетилди. Кербен тазалык ишканасына колдоо көрсөтүп ар бир адамга (29) сомдон болуп берүү максатында 7 айга 6663,0 миң сом болүнүп берилди.Кербен сууканал МИ ишканасына жыл ичинде колдоо көрсөтүүгө субсидия катары1500,0 миң сом бөлүнүп берилди. Кербен шаарынын айылдарына электр мамычаларын (столбо) алууга 3020,0миң сом жумшалды. Мунуципалдык заказдарга 4055,0 миң сом жумшалды.Кербен шаарынын аймагын электрондук картага түшүүрү үчүн 1756,8 миң сом которулуп берилди. Табигат кырсыктарын жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш алып баруу (Эпид.фонд), ЧСке 500,0 миң сом которулуп бөлүндү.Муниципалдык менчиктерге мамлекеттик акт алууга жана жасалган проектилерге АПУ, ТС, ПСД түздүрүүгө 4891,3 миң сом жумшалды. Огонбаев көчөсүнө лоток орнотууга 341,9 миң сом жумшалды. Ооган жана Баткен согушунда курман болгон жоокерлерге арналган эстеликти оңдоо 730,0 миң сом бөлүнүп берилди. Шатманов көчөсүнө көпүрө курууга 734,2 миң сом кражаты жумшалды. А.Дуйшобаев атындагы стадионго чыгыш трибунасын куруу үчүн 18635,0 миң сом акча бөлүнгөн жумуш улантылып жатат. Саркынды суу түтүгүн куруу үчүн 19289,9 миң сом акча каражаты бөлүнгөн жумуш аткарылып жатат. Базар көчөсүнө 250 квт КТП 679,9 мин
сомго алынып берилди. Кербен шаарынын мэриясынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына микротик (инфолокс) орнотууга 90,0 мин сом берилди. Муниципалдык менчиктгие балдар бакчаларынын объектилерин экотехинспекциясынын койгон талаптарына ылайык келтируугө жана электр лабораториядан өткөрүүгө 150,0 мин сом бөлүнүп берилди.С.Качыкеев орто мектебинин жылытуу системасын оңдөо үчүн 1498,3 миң сомго аткарылды. Муниципиалдык менчиктеги билим берүү тармагындагы объектилерди мыйзамга ылайык 2024-жыл аралыгында дезининфекциялоого кызмат акысына 50,0 миң сом которулуп берилди.Кербен шаарына караштуу орто мектептерге жана бала бакчаларга3886,5 миң сомдук көмүр алынып берилди.
Мэрия мындан ары көптөгөн ички резервдерди пайдалануу менен социалдык экономикалык иш чараларды элибиздин бакубат жашоосуна багыттосу зарыл.
Жогорудагы маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
2024-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэриясынын отчёту канааттандырарлык,- деп эсептелсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев