Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25 - ноябрындагы № 2
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 23.11.2022-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасындагы эс алуу багында жайгашкан футбол аянтчага (стадионго) өзүнчө мамлекеттик акт алуу тууралуу” №01-14/2404 кайрылуу каты жөнүндө”
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 23.11.2022-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасындагы эс алуу багында жайгашкан футбол аянтчага (стадионго) өзүнчө мамлекеттик акт алуу маселесин карап, бекитип берүү тууралуу” №01-14/2404 кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз Х cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 23.11.2022-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасындагы Ленин көчөсүндөгү борбордук эс алуу багында жайгашкан футбол аянтчага (стадионго) өзүнчө мамлекеттик акт алуу тууралуу” №01-14/2404 кайрылуу каты жөнүндө” шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы Ленин көчөсүндөгү борбордук эс алуу багынын ичинде жайгашкан жалпы жер аянты 16 429,0м2 болгон футбол аянтчаны (стадион) Шамалды-Сай шаарчасынын борбордук эс алуу багына даярдалган мамлекеттик актыдан бөлүп, өзүнчө мамлекеттик акт алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т. Малабековго) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |