Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-сентябры № 582
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июлундагы № 375
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери
жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Ишкананын төмөнкү филиалдары бар:
– “Жалал-Абад”, дареги: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пахта көчөсү, 219;
– “Ош”, дареги: Ош облусу, Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 221;
– “Ысык-Көл”, дареги: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Ишкананын ишинин максаты болуп соттордун чечимдерине жана/же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашууларга ылайык мамлекеттик менчикке өткөн конфискацияланган объекттердин жана мүлктүн, ошондой эле башка мамлекеттик мүлктүн базасында мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн пайда алуу саналат.”;
– 21-пунктта:
сегизинчи, тогузунчу абзацтарда “орун басарларынын”, он үчүнчү абзацта “орун басарларын” деген сөздөр тиешелүү түрдө “орун басарынын”, “орун басарын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
он бешинчи абзацта “орун басарлары” деген сөздөр “орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө;”;
– 32-пункттун он экинчи абзацында “орун басарлардын” деген сөздөр “Ишкананын директорунун жана орун басарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34. Ишканада Ишкананын директорунун орун басары кызмат орду каралган.
Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.”;
– расмий тилдеги тексттин 35-пунктунун экинчи абзацында “одного из заместителей” деген сөздөр “заместителя” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 36-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 70 (3726) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |