Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/33
«Соодагерлердин арызы жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, шаарыбыздагы Октябрь көчөсүндөгү базарда соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин, азыркы күндө соода иштерин алып барууга башка соода түйүндөрү же муниципалдык базардын жоктугу жана соодагерлердин кредиттери жана башка карыздары бар экендигин айтып, пайдаланып жаткан базарды убактылуу соода жүргүзүп турууга уруксат берип турууну сурап жазган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь көчөсүндөгү базарда соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин арызы канааттандырылсын.
2. Базарда соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин Октябрь көчөсүндөгү базарда, убактылуу соода жүргүзүп туруу иштерин алып барууну жүргүзүүгө уруксат берүүсү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Э.Нарматовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |