Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-октябры № 646
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борбор жана өнөр жай объекттерин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 14-августундагы № 01-12/1396 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 01-14/41 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагындагы № 207 контурда жайгашкан, Качкинбаева Алтынай Анарбековнанын менчигинде турган, жалпы аянты 15,0 га сугат айдоо жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тийиштүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) өздүк каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүнү уюштурууну;
7) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер тилкесин казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
10) жерди пайдалануучунун 3 жылдын ичинде өзүнүн зайымдык каражаттарынын жана инвестициянын эсебинен жерлердин башка түрлөрүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен сугат айдоого өздөштүрүүсүн;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 77 (3733) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |