Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25 - ноябрындагы № 3
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 09.11.2022-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыкта жайгашкан “Ак шар” СПА караштуу “Центр-1-2” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу жана мамлекеттик мүлк фондуна сунуштоо тууралуу” №01-14/2202 кайрылуу каты жөнүндө”
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 09.11.2022-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыкта жайгашкан “Ак шар” СПАга караштуу “Центр-1-2” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу жана мамлекеттик мүлк фондуна сунуштоо тууралуу” №01-14/2202 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз Х cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 09.11.2022-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыкта жайгашкан “Ак шар” СПАга караштуу “Центр-1-2” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу жана мамлекеттик мүлк фондуна сунуштоо тууралуу” №01-14/2202 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. “Тендик аймактык башкармалыкта жайгашкан “Ак шар” СПАга караштуу “Центр-1-2” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга макулдук берилсин жана мамлекеттик мүлк фондуна сунуштоо жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т. Малабековго) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |