Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-сентябры № 3490-VII
“2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасын климатка туруктуу суу менен камсыздоо – транш 2” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 49793 – 2-транш), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 49793 – 2-транш) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 49793 – 2-транш) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 30-майындагы чыг. № 18-5641) “2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасын климатка туруктуу суу менен камсыздоо – транш 2” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 49793 – 2-транш), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 49793 – 2-транш) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 49793 – 2-транш) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |