Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-июлу № 26/VIII-28
“Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын атайын техника кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл аймагындагы “Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын директору Н.Райкеевдин “Кочкорбаев” муниципалдык ишканасынын атайын техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын атайын техника кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жүк көтөрүүчү унаасынын кызматы:
- ХОВО – 1500 сом;
- камаз – 1000 сом;
- газ 53, ЗИЛ, МИнин ХОВОсу, трактордун прицепи – 800 сом;
- МИнин ХОВОсу менен таштанды чыгаруу бир рейси (күл, майда курулуш таштанды, таштанды ж.б) жүктөөсүз - 2000 сом.
Грейдердин кызматы:
- Кочкорбаев айыл аймагынан сырткары - 3000 сом 1 саатка, дизелдик майы колдонгонго жараша;
- жергиликтүү Кочкорбаев айыл аймагынын тургундарына - 1500 сом 1 саатка, дизелдик майы колдонгонго жараша;
- Кочкорбаев айыл аймагынын талааларына грейдер кызматы - акысыз, дизелдик майы колдонгонго жараша.
Экскаватордун кызматы - 150 сом 1 метр траншеяга.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |