Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/5
Кербен шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнө турган 300 000 000 сом, 160 000 000 сом жана 2 000 000 сом акча каражатын иш-чара планына бекитип берүү
жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 20-февралындагы № 01-20/384 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 2024-жылда бөлүнгөн акчадан калган 160 миллион сом каражатты 2025-жылга Кербен шаарынын мэриясынын иш-чара планына бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 2025-жылга бөлүнө турган 300 миллион сом жана 2 миллион сом акча каражатын Кербен шаарынын мэриясынын иш-чара планына бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев