Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/5

 

 Кербен шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнө турган 300 000 000 сом, 160 000 000 сом жана 2 000 000 сом акча каражатын иш-чара планына бекитип берүү

 жөнүндө

 

Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 20-февралындагы № 01-20/384 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 2024-жылда бөлүнгөн акчадан калган 160 миллион сом каражатты 2025-жылга Кербен шаарынын мэриясынын иш-чара планына бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен 2025-жылга бөлүнө турган 300 миллион сом жана 2 миллион сом акча каражатын Кербен шаарынын мэриясынын иш-чара планына бекитип берүүгө макулдук берилсин.

3.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев