Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/6
Кербен шаарынын мэриясынын Хельветас уюмуну каржыланып жаткан муниципалдык кызматкерлердин, өкүлчүлүктүү органдын өкүлдөрүн, коомчулуктун активисттердин дараметин жогорлатуу үчүн окуу-семинарларды өткөрүү үчүн 125,0 мин сом акча каражатын атайын киреше жана чыгаша бөлүмүнө план коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 19-февралындагы № 01-20/353 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэриясынын “ХЕЛЬВЕТАС” уюму тарабынан “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында муниципалдык кызматкерлердин дараметин жогорулатуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын каражат бөлүгүнө киреше-чыгаша жагына тен кошумча план коюп, жумшоого макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев