Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-августу № 36/XI-28
Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги
№ 10/V-28 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги
№ 10/V-28 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматты карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аты кыргызча “Жаныш Рустенбеков атындагы Кеңеш а.жалпы билим берүү орто мектеби” деп, ал эми орусча “Средняя общеобразовательная школа с.Кенеш имени Жаныша Рустенбекова” деп өзгөртүлсүн.
2. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Алыбаевге жана мектептин директорунун милдетин аткаруучу С.Койлубаевага, мектептин атын өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |