Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 8-августу № 33/X-28
Кочкорбаев айыл аймагына караштуу Бирдик жана Хунчи айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай,коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архтектура департаменти Кочкорбаев айыл аймагындагы Бирдик жана Хунчи айылдарынын Башкы планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы Бирдик жана Хунчи айылдарынын Башкы пландарынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Э.И.Токбергенов |