Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/8
Салык кодексине өзгөртүү киргенине байланыштуу турак-жай имараттарына жана курулмаларына болгон мүлк салыгына ставкасын бекитип берүү
жөнүндө
Мамлекттик салык кызматынын Аксы району боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 12-июлдагы № 01-8/545 кайрылуусуна жана Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 19-февралындагы № 01-20/355 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу Кербен шаарындагы 270 чарчы/метрден ашкан турак-жайлардын жана курулмалардын ар бир чарчы/метрине салыктын ставкасы 30 сом деп белгиленсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев