Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/9
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга Муниципалдык кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитип берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 17-февралындагы № 01-20/338 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 3 -токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга Муниципалдык кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестри бекитип берилсин (тиркеме).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев