Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/11
Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган Кара-Дөбө-Сөгөт айылындагы узундугу 5 км ички жолдордорду жана Ала-Жирен-Туюк-Жар узундугу 5 км жолду ДЭП-12 ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 25-февралындагы № 01-20/400 сандуу каты, Кербен шаардык кеӊешинин өңөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган Кара-Дөбө-Сөгөт айылындагы узундугу 5км ички жолдордорду жана Ала-Жирен -Туюк-Жар узундугу 5 км жолду ДЭП-12 ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин өңөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Отомбаевке жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев