Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февраль №2
«Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын
1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө»
Багыш айыл өкмөтүнүн “2025-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 11 292,6 миң сом, атайын каражаттан 2426,6 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө” кайрылуусун, Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетинин билдирүүлөрүн угуп, сунушун карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 11292,6 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык №1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2. 2025-жылдын 1-январына калган атайын каражаттан 2426,6 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык ата-энелердин жыйналыштарынын протоколдоруна жана балдар бакчаларынын жетекчилеринин кайрылууларынын негизинде №2-тиркемеге, Укеев көчөсүнүн тургундарынын жыйналышынын протоколунун негизинде №3-тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. 2025-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулманбетов |