Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февраль №3
«Багыш айыл өкмөтүндө турак-жай имараттары үчүн салык ставкасын бекитүү жөнүндө»
Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-январындагы №01-15/57 катынын жана Сузак райондук салык кызматынын 2025-жылдын 17-январындагы №039/24/21-1-б катынын негизинде “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына озгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, салык Кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, турак-жай имараттары үчүн салыктын ставкасы 50 сомдон ашпаган өлчөмдө бекитилип берүү жөнүндө карап чыгып Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында турак-жай имараттары үчүн 2025-2027-жылдарга салыктын ставкасы 50 сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |