Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февраль №5
«Багыш айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы
бир жылдык отчету, ички жана сырткы
инвестициялардын тартылышы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-январындагы № 01-15/47 “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн жана 2024-жылдагы бир жылдык отчетун угуу жѳнүндѳ” кайрылуусун, Багыш айылдык кеңешинин Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин талкуулап, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековдун Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган бир жылдык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ички жана сырткы инвестициялардын таратылышын жана жаңы жумуш орундары 2025-жылга карата айыл өкмөттүн стратегиялык планын жакшы жолго коюу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары Ч.Мырзакматовго милдеттендирилсин.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |