Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-октябры № 208
"Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- лизинг алуучу - лизинг келишимине ылайык лизинг предметин белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга жана белгиленген шарттарда лизинг келишимине ылайык убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон юридикалык жак (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери), жеке жак, жеке ишкер;";
2) 5-статьяда:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ачык акционердик коом формасында мамлекеттик лизинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн.";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Лизинг компаниясы юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүзөгө ашыруу үчүн тартууга укуктуу.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Төмөнкүлөр лизинг компанияларынын уюштуруучулары боло албайт:
а) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган жеке жана юридикалык жактар;
б) тизмеси террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү, алар боюнча террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган жеке жана юридикалык жактар жана/же катышуучу катары аффилирленген жактары бар жактар.
Лизинг субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.";
3) 7-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайтарымдуу лизинг - лизингдин түрү, мында сатуучу ишкердик максатта лизингдик бир укуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыга алат. Ошол эле учурда ишкердик максатта жеке ишкерлер жана юридикалык жактар (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери) гана кайтарымдуу лизингдин катышуучулары боло алышат.";
4) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Лизинг компанияларынын эсепке алуусу жана отчеттуулугу
1. Лизинг предметин эсепке алуу жана амортизацияны эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө, ошондой эле финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.
3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниялары өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизинг компанияларынын отчеттуулукту берүүсүнүн тартиби жана формалары, пруденциялык ченемдеринин маанилерин эсептөөнүн эрежелери жана усулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 17-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |