Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 2
«Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө»
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык мэриянын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары боюнча түзүлгөн штабтын катчысы Д.Садырбековдун маалыматын жана “Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактырында күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн чаралардын натыйжасы жана бүгүнкү күндөгү абалын текшерип чыгуу боюнча” түзүлгөн депутаттык комиссиянын тактамасын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 11 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык мэриянын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары боюнча түзүлгөн штабтын катчысы Д.Садырбековдун маалыматы жана “Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактырында күз-кыш мезгилдерине карата көрүлгөн чаралардын натыйжасы жана бүгүнкү күндөгү абалын текшерип чыгуу боюнча” түзүлгөн депутаттык комиссиянын тактамасы эске алынсын.
2. Аткарылган иштер менен катар төмөнкүдөй кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин:
· «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу» ишканасы тарабынан ташылган көмүрдүн сапатынын начардыгы;
· Күз-кышка карата даярдык өз убагында алдын ала аткарылбагандыктан кар жааганда күрткүнү көтөрө албай, бутактар сынып, электр энергиясы өчкөн учурлар катталгандыгы;
· Шаардагы «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу» ишканасы тарабынан жылуулук менен камсыздаган мектептерде жана бала бакчаларда (№5 В.И.Ленин атындагы орто мектеби, №3 Т.Молдо атындагы орто мектеби, №6 «Наристе» бала бакчасы, №1 «Мамалак» бала бакчасы) жылуулук нормага ылайык берилбегендиктен кабинеттердеги термометрдеги көрсөткүчтөр 10-12 градусту көрсөткөндүгү;
· №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин түштүк батыш тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ишке киргизип, класс-кабинеттердеги жана коридордогу жылыткычтарды алмаштыруу, №13 башталгыч класстар мектебине (Кудук Сай айылы) автономдук «Тансу» электрокотелун орнотуу, Кызыл-Алма кичи районундагы №4 “Жомок” балдар бакчасына автономдук «Тансу» электрокотелун орнотуу, Теңдик айылындагы №9- «Ай-Данек» балдар бакчасына автономдук «Тансу» электрокотелун орнотуп, жылуулук системасын киргизүү тууралуу маселелери боюнча бир нече жолу токтомдор кабыл алынгандыгына карабай бүгүнкү күнгө чейин аткарылбагандыгы;
· Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Н.Жоошбаев), «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу» ишканасына (Н.Атабаев), РЭТ ишканасына (М.Молдокулов) милдеттендирилсин.
· №3 Т.Молдо атындагы орто мектебинин жылуулук системасынын жакшыртуу жана жылуулук системасынын түтүктөрүн атайын адистер тарабынан текшертүү;
· №5 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин үчүнчү кабатынын айнек терезелери алмаштыруу;
· №7 К.Күзөмбаев атындагы орто мектебинин айнек-терезелеринин эскилиги жеткендигине байланыштуу, айнек-терезелери алмаштыруу;
· №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин түштүк батыш тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ишке киргизип, класс-кабинеттердеги жана коридордогу жылыткычтарды алмаштыруу;
· №13 башталгыч класстар мектебине (Кудук Сай айылы) автономдук «Тансу» электроказанын орнотуу;
· Кызыл-Алма кичи районундагы №4 “Жомок” балдар бакчасына автономдук «Тансу» электроказанын орнотуу;
· Теңдик айылындагы №9 «Ай-Данек» балдар бакчасына автономдук «Тансу» электроказанын орнотуп, жылуулук системасын киргизүү.
· Таш-Көмүр шаардык билим берүү мекемеси менен «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу» ишканасынын ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу келишимди жокко чыгаруу жана кайра кароо.
4. Талкуунун жүрүшүндө айтылган кемчиликтерди эске алып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Жоошбаевге чара көрүү жагы шаардын мэри К.Бектемировго милдеттендирилсин.
5. Тиешелүү мекеме ишканалар менен биргеликте келтирилген кемчиликтердин четтетилиши боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматты шаардык Ке=ештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Кыдыралиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
| С.Бабатаев |