Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 5
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри К.Бектемировдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 11 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри К.Бектемировдун маалыматы эске алынсын.
2. Талкууда белгиленген сын сунуштарды эске алуу менен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2023-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы бекитилсин.
/программа тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кенешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
| С.Бабатаев |